К. Токаевге финансылык мониторинг боюнча агенттиктин ишинин жыйынтыктары тааныштырылды

К. Токаевге финансылык мониторинг боюнча агенттиктин ишинин жыйынтыктары тааныштырылды

Казакстандын президентине Каржылык мониторинг агенттигинин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө анын төрагасы Жанат Элиманов баяндама жасады. 2025-жылы каржы секторунда 53 инфраструктуралык долбоор боюнча 264 миллиард теңге өлчөмүндөгү негизсиз бюджеттик чыгымдардын алдын алынды. Ошондой эле, 22 көмүскө криптоалмаштыруучу жайдын иши токтотулуп, кирешелерди адалдоого шектелген 2 миң компания менен мамилелер токтотулду. Жаратылыш ресурстарын чалгындабаган жер казынасын пайдалануучуларга жер тилкелерин берүү, ошондой эле мыйзамсыз жол менен казылып алынган 400 миң тоннага жакын пайдалуу кендерди ташып кетүү фактылар аныкталды. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков