Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен ишканаларды ачууга кызыкдар

Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен ишканаларды ачууга кызыкдар

Казакстан менен Өзбекстан текстиль тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Ошондой эле, бул жаатта жогорку сапат стандарттарын иштеп чыгууну мерчемдеп жатат. Бул үчүн тараптар жаңы бизнес борборун курууга даяр. Адистердин айтымында, мындай кадам тармактын өнүгүшүнө негиз болуп саналат. Буга чейин чийки заттар алыстан ташылып келген болсо, азыр өлкөдө жасалышы ыктымал. Ага мүмкүнчүлүктөр бар. Маселен, пахта түштүк республикадан жана коңшу мамлекеттердин бир катар облустарынан алынып келинет. Мунун аркасында даяр өнүмдүн наркы төмөндөйт.

Гүлмира Уахитова, Казакстан жеңил өнөр жай ишканалары улуттук бирикмесинин башчысы:

- Даяр текстиль өнүмүнүн  70 пайыз чыгымы чийки затты алыстан сатып алууга жумшалат. Ошондуктан бизде даярдалган буюмдардын баасы арзандабай жатат. Эми биз тигүүчүлүк менен эмес, тигүү ишканаларында керектөө үчүн чийки зат түрүндө өндүрүү менен чектелүүнү туура көрдүк. Бул багытта эки өлкөнүн тең дарамети жетиштүү. Биздин өнөр жайыбыз чындап өнүгүп жатат. Эгерде биргелешкен ишкана ачсак, чийки затты алыстан алып келүү азаят эле. Болгону күчтөрдү бириктирүү керек. Ошондо гана эки өлкөдө тең текстиль тармагы өнүгөт.

Мындан тышкары эки өлкөнүн ишкерлери биргелешип жер семирткич чыгарууну көздөшүүдө. Тактап айтканда, Өзбекстандын биоэнергетикалык комбинаты Түркестанда чакан өндүрүштүк ишкана ачууну көздөп жатат.

Надира Муратова, био жер семирткич чыгарган заводдун өкүлү:

- Биздин экспорттун көбү Тажикстанга жөнөтүлөт. Бир партияны Казакстанга да жибердик. Өнүмдөрүбүз жакты. Эми биз сиздердин өлкөдө өндүрүштү баштоону каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков