Казакстандын конституциялык реформасы дүйнөлүк ЖМКлардын
көңүл чордонунда. АКШ, Европа, Кытай жана КМШ өлкөлөрүнүн ири басылмалары
алдыдагы референдумга байланыштуу бир катар материал жарыялады. Чет элдик
маалымат каражаттары саясий жаңыланууну өлкө үчүн маанилүү чек деп кабыл
алышат. Алардын пикиринде, бул республиканын бийликтин кыйла тең салмактуу
үлгүсүн түзүүгө болгон аракети. Кеңири реформалар өлкөнүн жаркын келечегин
аныктайт деп баалашат.
Euronews өз аудиториясына Казакстанда жалган куран айынын
15де референдум өтөрүн жана Казакстандын Президенти тиешелүү жарлыкка кол
койгонун жарыялады. Материалда жаңы Конституциянын долбоорунун негизги
багыттары кеңири талкууланды. Анда ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү,
бийликтин тартибин өзгөртүү, вице-президент кызматын жандандыруу, нике жана эл
аралык укук жөнүндөгү нормаларды кайра карап чыгуу тууралуу айтылган.
Ал эми Түркиянын Anadolu Agency басылмасы Казакстандын
«суперпрезиденттик» системадан баш тартып, «күчтүү Президент - таасирдүү
Парламент - отчет берүүчү Өкмөт» принцибине өтүү планына токтолуп, алдыдагы
референдумду саясий өнүгүүсүндөгү маанилүү кезеңи деп сыпаттайт. Агенттиктин
белгилешинче, бул өзгөрүүлөр 2022-жылы башталган. Башкача айтканда, тең
салмактуу бийлик системасына өтүүгө багытталган реформалардын татыктуу
уландысын тапканын билдирет.
Өз кезегинде The Times of Central Asia Казакстандын саясий трансформациясынын маанилүү кезеңине айланган өзгөрүүлөр масштабын белгилеген. Макаланын авторунун пикиринде, парламентти реформалап, бир палаталуу мыйзам чыгаруучу орган түзүү демилгеси Конституциянын жаңы долбоорун даярдоого алып келди. Бул идеяны ишке ашырууну өлкө эли активдүү колдоп жатканы жазылган. Муну жарандардан жана түрдүү уюмдардан Конституциялык реформага байланыштуу миңдеген сунуш түшкөнү далилдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

