Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Францияга мамлекеттик сапары

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Францияга мамлекеттик сапары

Касым-Жомарт Токаевдин Франция Республикасына мамлекеттик сапары салтанаттуу тосуп алуу аземи менен башталды. Мамлекет башчысын аскердик оркестрдин коштоосунда президент Эммануэль Макрон тосуп алды. Казакстандын жана Франциянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан соң мамлекет башчылары ардактуу кароолдун салтанаттуу жүрүшүнө катышты. Касым-Жомарт Токаев менен Эммануэль Макрон расмий делегациянын мүчөлөрүн жана ардактуу конокторду тааныштырышты. Ал эми негизги сүйлөшүүлөр Елисей сарайында уланды. Белгилей кетсек, Франция Казакстандын Европадагы башкы өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Эки тарап тең өз ара кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө кызыкдар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков