Астанада жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму өттү

Астанада жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму өттү

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чакан курамдагы жыйынында Казакстан, Беларусь, Кыргызстан, Орусия президенттери жана Армениянын вице-премьери тышкы соода, жасалма интеллектти өнүктүрүү демилгелерине байланыштуу маанилүү маселелерди талкуулашты. Бул жыйын Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өттү. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндүн символикалык маанисине көңүл бурду. Дал ушул күнү, тагыраак айтканда, 2014-жылы бугу айынын 29да Казакстандын борборунда Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биримдикти түптөгөн учурдан тартып Евразиялык «бешилтиктин»  башкы кызматташтык аянтына айланды. Буга байланыштуу бардык кесиптештеримди Евразия экономикалык биримдигинин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Биримдик мындан ары өнүгүп, өлкөлөрүбүз менен элдерибиздин жыргалчылыгына кызмат кыла берсин!

Которгон: Илгиз Жамалбеков