Айшерим Акимжанова, кабарчы:
– Астана дүйнө жүзүндөгү маалымат каражаттарынын көңүлүн өзүнө бурду. ШКУнун саммитин чагылдыруу үчүн Казакстандын борборуна 16 өлкөдөн журналисттер жана кабарчылар келишти. Жалпысынан 700дөн ашык чет элдик жана 200дөн ашык казакстандык маалымат каражаттары аккредитациядан өткөн. Алар маалымат агенттиктери, телеканалдар, басма жана электрондук басылмалар. Тынчтык жана ынтымак сарайынын бир нече кабатында журналисттердин иштөөсү үчүн атайын маалымат-борбор бар жана бул жерде мындай масштабдагы иш-чараны чагылдырууга бардык шарттар түзүлгөн.
Масштаб боюнча айта турган болсок, журналисттердин эң чоң тобун Кытай түзөт. Алардын баары өз лидери Си Цзиньпиндин Астанага мамлекеттик сапарын жана анын алкагындагы ШКУ саммитин чагылдыруу үчүн келишкен. Сэ Яхун Кытайдагы эң ири басылмалардын бири - People's Daily гезитинин 20 өкүлүнүн бири. Анын айтымында, өлкөлөр эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн бардык жерде ачык көрсөтүп жатышат.
Се Яхун, Кытай Жэньминь Жибао гезитинин журналисти:
– Бир-эки ай мурун казак кесиптештерибиз менен биргелешкен интервью өткөргөнбүз. Биздин өлкөлөр ортосундагы ар кандай долбоорлор менен келгенбиз. Мисалы, Астанадагы LRT, ошондой эле Казакстандагы жана Өскемендеги Рубан цехи. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту баса белгилеп, өнөктөштүгүбүздүн келечектери жөнүндө сүйлөшөбүз. Биздин мамилебиз мындан ары дагы өнүгө берерине абдан ишенем.
Маалыматтарды Азербайжандан келген журналисттер да чагылдырууда. Алар саммитте маалымат каражаттарынын көңүлү өзгөчө Евразия мейкиндигинде жаңы соода жолдорун өнүктүрүү темасына бурулганын белгилешет.
Ляман Зейналова, Азербайжан TREND эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору:
– Бизди экономиканын көптөгөн тармактары, анын ичинде транспорт тармагы бириктирип турат. Бул жаатта эң маанилүү негизги долбоорлордун бири – Азербайжан, Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Орто коридор. Чындыгында алар бул транспорт коридорун өнүктүрүүгө жана мүмкүн болушунча көбүрөөк жүк тартууга, убакыт менен каржылык ресурстарды үнөмдөөгө абдан кызыкдар. Биз бул окуяны чагылдырганыбызга жана анын төрага катары Казакстанда өтүп жатканына абдан кубанычтабыз, биз Казакстандын төрагалыгы чындыгында абдан ийгиликтүү болду деп ишенебиз.
Казакстандын борборундагы басма сөз борбору кечке чейин иштейт. Окуя болгон жерден жаңылыктар, репортаждар жана түз эфирлер көрсөтүлөт. Мунун баары, албетте, ШКУнун Астана саммитинин күн тартибиндеги темалардын маанилүүлүгүнүн жана актуалдуулугунун айкын көрсөткүчү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков