Актау портунда Заманбап контейнердик хабдын курулушу жүрүп жатат. Серепчилердин айтымында, бул долбоор Казакстандын эл аралык логистикалык системасындагы позициясын жогорулатып, транспорттук-логистикалык тармактын дараметин кеңейтет. Бүгүнкү күндө 24 гектар аянтты тазалоо иштери аяктады. 100дөн ашык атайын техника тартылды. Андагы иштер эки сменада жүргүзүлөт. Жаңы хаб Транскаспий багыты боюнча контейнерлерди ташууну көбөйтүүгө жана транзиттик жүктөрдүн бир бөлүгүн кайра багыттоого мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, Президент Касым-Жомарт Токаев деңиз портторун түрлөндүрүп, Каспий деңизиндеги алдыңкы хабдардын бирине айлантууну тапшырган.
Кайрат Калиолла, «Актау эл аралык деңиз соода порту» УК
АК логистика бөлүмүнүн башкы менеджери:
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасы Актау порту аркылуу ар
кандай багыттарга контейнердик жүктөрдү иштетүү жана жөнөтүү боюнча
кызматтардын толук спектрин көрсөтүү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү. Бул
долбоор ишке ашырылгандан кийин Актау портунун контейнерлерди ташуу жана жүктөө
кубаттуулугу жылына 300 миң жыйырма фунттук эквивалентке чейин жетет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

