Казакстанда казак тилинин улуттук фонду жана улуттук корпусу түзүлөт. Акыркы жаңылык мамлекеттик тилдин бардык ыкмалары менен аспектилерин камтыган маалыматтык-маалымдама системасы катары кызмат кылат. Башкача айтканда, ал тексттерди иштеп чыгуу, генерациялоо жана талдоо үчүн жасалма нейрондук желеге негизделген жаңы куралга айланат. Ошондой эле, бул кызматтын санариптик тармакта колдонуу чөйрөсүн кеңейтет. Ушул жана башка өзгөртүүлөр киргизилген маданият, билим берүү жана тарбиячылык маселелери боюнча мыйзам Парламент депутаттары назарына сунушталды. Сенат бул өзгөртүүлөрдү жактырып, документти Президентке кол коюуга жөнөттү. Бул мыйзам «тарбиячылык боюнча уюм» деген түшүнүк менен толукталды. Анын максаты- ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн насаатчылык институтунун укуктарын толук жөнгө салуу жана милдеттерин аныктоо. Бул документке киргизилген бир жаңылык «Болашак» программасынын масштабын кеңейтүүгө багытталган. Эл аралык стипендия эми эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө да берилет. Мындан ары аларга чет өлкөлүк ЖОЖдорго гранттарды берүү жана «Болашак» программасынын алкагында бакалавриатка кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул жаатта өлкөдөн тышкары олимпиаданын предметине ылайык келген адистик боюнча билимин толуктоого жол ачылат.
Дархан
Ахмед-Заки, илим жана жогорку билим вице-министри:
- Биз
аларга алдыңкы университеттерде билим алууга, мамлекеттин колдоосун сезип,
андан кийин өлкөгө кайтып келип, коомдук жашоого катышууга, илимий же башка
жакын кесиптерин тандап алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк бергибиз келет. ЖОЖдордун
кошумча тизмеси жана эл аралык билим берүү сын-пикирлери эми аныкталат. Бул
катарга физика, математика, информатика, инженерия боюнча эл аралык
олимпиадалар кирип жатат. Алардын саны чектелүү. Олимпиаданын бул
жеңүүчүлөрүнүн көрсөткүчтөрү таланттуу жаштар менен иштөө жана даярдоо
системасынын жогорку деңгээлин көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

