Казак тилин үйрөнүүдөгү абдан жөнөкөй китеп жарыяланды

Казак тилин үйрөнүүдөгү абдан жөнөкөй китеп жарыяланды

Казак тилин үйрөнүү үчүн абдан жөнөкөй жана эффективдүү китепти коомдук ишмер Глеб Пономарев жазган. Ал кадимки окуу китептеринен айырмаланып, эрежелерди жана көнүгүүлөрдү баяндоонун ордуна автордун чыныгы турмуштук мисалдарды келтирүү менен, тилдин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүнү камтыйт. Басылма 86 беттен турат жана казак тилин үйрөнүүчүлөр көп кездешкен 12 негизги теманы камтыйт, анын ичинде айтылыш, өзгөчө дыбыштар, үндөштүктөр жана сингармонизм мыйзамдары бар. Китеп ачык жана акысыз. Автордун айтымында, бул анын тилди жайылтууга кошкон салымы болуп саналат.


Глеб Пономарев, «Гилеке менен казак тили» китебинин автору:


- Мен үчүн казак тилин үйрөнүү узак жана оор жол болду. Албетте, мектепте үйрөндүм, бирок анда  белгиленген тартип менен эрежелери тушүндүрүлдү. Бул мага түшүнүксүз болду. Ошондуктан мен өз ыктыярым менен үйрөнүүнү колго алдым. Кандайдыр бир курстарды издедим, бирок тилекке каршы ошол эле жерлерде да мектептеги абал кайталана берди. Мен бир нече тилди билем, ошондуктан тилчи катары мен бул китепте казак тилин деталдуу талдап, тилди жалпы жана жеңил үйрөнүүнү баарына жеткире алдым. Мен казак тилин үйрөнгүсү келген казакстандыктарды колдоо максатында билгендеримди болүшүүгө бел байладым. Бул менин жеке жарандык демилгем.


Которгон: Илгиз Жамалбеков