Казакстандын президенти Грузиянын Премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстандын президенти Грузиянын Премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Грузия Казакстандын Кавказ аймагындагы ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Өлкөлөр бекем достук жана тыгыз тарыхый байланыштарды бириктирип турат. Бул тууралуу Каасым-Жомарт Токаев Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушууда айтты. Казакстандын президенти ар кандай деңгээлдеги мамлекеттердин натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн, анын ичинде парламенттердин, өкмөттөрдүн, мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтыкты баса белгиледи. Өз кезегинде Грузин министрлер кабинетинин башчысы Казакстан кызматка киришкенден кийин барган биринчи өлкө болгонун белгиледи. Ираклий Кобахидзе Грузия Казакстан менен ар кандай форматтарда, анын ичинде ар тараптуу аянтчаларда көп пландуу мамилелерди жемиштүү өнүктүрүүгө багытталганына өзүнчө токтолду. Маектештер Транскаспий транспорттук каттамы боюнча жүк агымынын көлөмүн көбөйтүүгө жана коридордун транзиттик инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурушту. Ираклий Кобахидзе Казакстандын Президентин Грузияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков