К. Токаев Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германия президенти менен жолугушуусуна катышты

К. Токаев Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германия президенти менен жолугушуусуна катышты

«C5 + Германия» диалогу боюнча демилге өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем берет. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Германиянын президенти менен жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчысы регионалдык өлкө лидерлеринин биргелешкен аракеттери кызматташуунун артыкчылыктуу багыты катары сунуштады. Президент биринчи кезекте соода-экономикалык мамилелер, жаңы транспорттук-транзиттик коридорлорду өнүктүрүү, энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерине көңүл бурду. Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана суунун тартыштыгына, мөңгүлөрдүн ээришине жана Борбор Азиядагы экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөргө басым жасады. Мамлекет башчынын айтымында, Германиянын аталган көйгөйлөрдү чечүүдөгү тажрыйбасы аймак үчүн абдан маанилүү. Жолугушууда мамлекет башчылары Борбор Азия чөлкөмүндөгү жана Евробиримдиктеги геосаясий кырдаалга катыштуу маселелерди көз жаздымында калтырышкан жок. Мындан тышкары Ооганстандагы азыркы кырдаал каралды. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Украинадагы каатчылык Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизип жатат деген пикирин билдирди. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев буга жооп катары эки тарапка тең пайдалуу тынчтык чечимдерди табууга багытталган мыкты дипломатия керектигин айтып өттү. Мамлекет башчысы тараптар реалдуу сүйлөшүүлөрдү баштоосу керектигин белгиледи. Буга кошумча, өлкө башчы Азия өлкөлөрү менен Германиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү керектигин кошумчалады. Тактап айтканда, президент илим жана билим берүү, немис тилин окутуу программалары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоду.


Которгон: Илгиз Жамалбеков