Президент Алматы облусунун акимин кабыл алды

Президент Алматы облусунун акимин кабыл алды

Алматы облусунда жыл башынан бери 12 жаңы өнөр жай долбоору ишке киргизилди. Аймакта баасы болжол менен 2 жарым триллион теңгелик 122 долбоор ишке ашырылууда. Натыйжада болжол менен 37 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Алматы облусунун акими Марат Султангазиевди кабыл алуу учурунда айтылды. Аймакта «ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорунун жана үч нөөмөттү окутуунун чечими боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы эки жылда 91 окуу жай капиталдык оңдоодон өтөт. Президент индустриалдык аймактардын жана Аlatau атайын экономикалык зонанын дараметин чыңдоого, ошондой эле коммуналдык жана калктуу пункттарда жолдорду курууга басым жасоону тапшырды.

Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими:

- Өткөн жылы 980 миллиард инвестиция тартылды. Быйыл биз ушул темпти сактап жатабыз. Бул жылы биздин план 1 трлн 300 млрд. Биздин облус инвестиция тартуунун бирдей темпин сактап калгандыгына байланыштуу, азыркы ички өнүм биз Казакстандын облустарынын ичинен 10-орундан 5-орунду ээледик. Эң башкы көйгөйлөр Кунаев шаарын жана Алатау шаарын өнүктүрүү болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков