Мамлекет башчысы Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавскийди кабыл алды

Мамлекет башчысы Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавскийди кабыл алды

Казакстан Европа Биримдигинин маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Чехия менен тыгыз иштешүүгө белсенүүдө. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Чехиянын Тышкы иштер министри менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн соода жана инвестициялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенине көңүл буруп, өлкө мындан ары да Чех инвесторлоруна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Өз кезегинде Ян Липавский интенсивдүү экономикалык байланыштар казак-чех кызматташтыгынын негизи экенине көңүл буруп, биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттары өнөр жай, «жашыл» өнүгүүнүн талаптарына өтүү жана энергетика экенин белгиледи. Ошондой эле, ал Чехиянын президенти Касым-Жомарт Токаевди Прагага расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков