Казакстандын Президенти Г.Головкинге «Барыс» орденин тапшырды

Казакстандын Президенти Г.Головкинге «Барыс» орденин тапшырды

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк бокс федерациясынын президенти Геннадий Головкинди кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев аны шайланышы менен куттуктап, муну белгилүү спортчунун дүйнөлүк бокстун өнүгүшүнө кошкон салымын, кесипкөйлүгүн жана кадыр-баркын таануу деп атады. Президент Дүйнөлүк бокс федерациясынын башчысы катары алдыда турган олуттуу милдеттерди белгилеп, анын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти катары ишин жогору баалады. Соңунда  мамлекет башчысы Головкинге улуттук спортко кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Барыс» орденин тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Сиз чындап эле дүйнөлүк спорттун өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз, бай салттары бар казак бокс мектебин сыймыктуу көрсөттүңүз жана албетте, Казакстандын бокс державасы катары дүйнө жүзү боюнча таанылышына салым коштуңуз. Эми сиздин карьераңызда жана спорттогу ишиңизде жаңы этап башталды. Сиз жаңы эл аралык бокс федерациясы болгон Дүйнөлүк бокстун президенти болуп шайландыңыз. Белгилей кетүүчү нерсе, Казакстандын өкүлү биринчи жолу дүйнөлүк спорт уюмун жетектейт. Сиздин кесиптик көз карашыңыз уюмду жаңы деңгээлге көтөрүп, бокстун өнүгүшү үчүн жаңы горизонтторду ачат деп ишенем.


Геннадий Головкин, World Boxing президенти, улуттук олимпиада комитетинин президенти:

- Мен үчүн I даражадагы «Барыс» ушундай жогорку сыйлыкка ээ болуу чоң сыймык. Биринчи кезекте сизге ишенимиңиз, колдооңуз, көз карашыңыз үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков