2025-жыл: Казакстан дүйнөдөгү позицияларын бекемдеди

2025-жыл: Казакстан дүйнөдөгү позицияларын бекемдеди

Бул жыл Казакстан үчүн активдүү дипломатиянын жылы болду. Өлкө эл аралык мамилелер системасында өз позициясын бекемдеди. Дүйнөлүк аренада республиканы туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш катары кабыл алышат жана кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулушат. Өз кезегинде Казакстан да көп векторлуу тышкы саясатка багыт алууну улантууда. 2025-жылы Касым-Жомарт Токаев 23 чет өлкөлүк сапар жасады, анын ичинде эки мамлекеттик сапар – Москвага жана Ташкентке. Касым-Жомарт Токаевдин сапарларынын географиясы Азиядагы, Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөштөрдү камтыды. Алардын арасында – Кытай, Орусия, АКШ, БАЭ, Иордания, Түркия, Жапония, Венгрия, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстан. Өлкө лидерлери менен сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын негизги темалары соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө болду.


Бахыт Толегенов, MNU профессору:


- Бул жыл Казакстандын тышкы саясаты үчүн жемиштүү болду. Айрыкча геосаясий кырдаалдын канчалык татаал болгонун эске алганда. Биздин өлкөнүн жетишкендиктеринин бири катары мен негизги дүйнөлүк оюнчулар менен тең салмактуулукту жана өнөктөштүк мамилелерди сактап калуу жөндөмүн атамакмын. Казакстан үчүн ар дайым биринчи орунда туруктуулук, дипломатия жана практикалык кызматташтык болгон.


Бул күз дагы окуяларга бай болду. Касым-Жомарт Токаев дүйнөнүн үч глобалдык борборуна – Бээжинге, Вашингтонго жана Москвага сапар жасап, державалардын лидерлери менен жолугушту. Мамлекет башчысы быйыл ШКУ, ТМУ саммиттерине жана БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышты. 2025-жылы С5+ форматы суроо талапка ээ болду. Дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук учурунда аймак стратегиялык жактан маанилүү болуп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Быйыл "Борбордук Азия плюс" форматындагы алты саммитинин экөө Астанада өттү.

 

Жадыра Асет кызы, Маалыматтык инфраструктуранын негизги системаларынын Азиялык изилдөолөр бөлүмүнүн улук серепчиси:


- Негизги инвесторлорубуз жана негизги соода өнөктөшүбүз Европа Биримдиги менен саммит өттү. Быйыл бул Казакстан жана бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк саясатта өзүнүн артыкчылыктарын илгерилетүүгө жөндөмдүү оюнчуга айланганынын көрсөткүчү. Бул биринчи кезекте биздин өлкөнүн тышкы мамилелердеги саясий салмагын жогорулатат. Муну биздин Борбор Азия аймагы үчүн гана эмес, Ооганстан үчүн да негизги борборго айланганыбыздын белгиси катары караса болот.


Жыл ичинде республика чет мамлекеттердин башчыларын да кабыл алды. Алар өлкөгө 30 жолу келишти. Дүйнөлүк оюнчулар Казакстанды Борбордук Азия аймагындагы лидер жана ири өнөктөш, ошондой эле орто держава катары белгилешет. Натыйжалуу диалог куруп, соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга мүмкүн болгон өлкө.


Айдар Амребаев, Салыштырма саясий изилдөөлөр борборунун мүдүрү:


- Казакстан Батыштын да, Чыгыштын да энергиясын Казакстандын улуттук кызыкчылыктары үчүн, аймактык өнүгүү үчүн пайдалана алганы абдан жакшы. Жалпысынан, глобалдык тынчтыкка карай жолдо. Ошондуктан, Казакстан эл аралык оюнчулар тарабынан диалогго жана кызматташтык менен өз ара аракеттенүүгө көмөктөшкөн абройлуу жана өтө жоопкерчиликтүү оюнчулардын бири катары каралат.


Жаңы – 2026-жыл мурдагы жылдардан кем эмес жемиштүү болот деп күтүлүүдө. Казакстан жакын жана алыскы кошуналар менен да диалогду жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү улантууга кызыкдар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков