Касым-Жомарт Токаев бир катар жолугушууларды өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев бир катар жолугушууларды өткөрдү

Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасы Касым-Жомарт Токаевге көмүскө экономикага каршы күрөшүү боюнча комплекстүү пландын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Жанат Элимановдун айтымында, аталган программа акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча улуттук системанын FATF сунуштарына шайкеш келет. Ал эми 2022-жылдан бери өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги мамлекеттик жана квазимамлекеттик сектордун субъекттерине 1 триллион 90 миллиард теңге өлчөмүндөгү мүлктүк активдерди жана каражаттарды кайтарган. Асхат Жумагали билдиргендей, Билим берүү инфраструктурасын колдоо фондуна 153,3 миллиард теңге которулган. Үстүбүздөгү жылы Агенттиктин демилгеси менен бюджеттик процесстерди автоматташтырууга, казыналыкты билим берүү мекемелеринин эсепке алуу тутумдары менен интеграциялоого, төлөм документтерине кол коюуда биометриканы колдонууга багытталган санариптик чечимдер киргизилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков