Брюсселге расмий сапарынын
алдында Казакстандын Президенти Euronews үчүн жазган макаласында Европа
Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабынын артыкчылыктарын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев глобалдык турбуленттик шартында өнөктөштүк базалык кызматташтыктан
тышкары чыгып, стратегиялык өз ара аракеттенүү форматына өтүшү керектигин билдирди.
Негизи туруктуулук, байланыштарды кеңейтүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү
болушу керек. Мамлекет башчысы энергетиканы негизги багыттардын бири катары
атады. Касым-Жомарт Токаев Европа менен Азияны байланыштырган стратегиялык
маршрут болгон Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө токтолду. Ошол эле учурда Президент
мамилелер чийки зат секторунун тегерегинде гана курулбашы керектигин баса
белгиледи. Артыкчылыктардын катарына санариптик технологиялар, жасалма
интеллект, илим жана билим кирет. Алмашуу программаларын кеңейтүү,
инвестицияларды тартуу жана биргелешкен инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу
өнөктөштүктү практикалык жана өз ара пайдалуу кылышы керек. Жалпысынан алганда,
бул экономикалык компонент технологиялык байланыштарды жана гуманитардык
кызматташтыкты өнүктүрүү менен толукталган өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү
жөнүндө болуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

