Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы күрөшүүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кошкон зор салымын белгиледи. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 74-сессиясынын жабылышында билдирди.
«Коронавирус улуттук саламаттык сактоо тутумдары жана көп тараптуу мекемелер үчүн болуп көрбөгөндөй сыноо болду. Дүйнөлүк каатчылык учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык мүчө мамлекеттер менен жигердүү мамиле жүргүздү. Уюм өзүнүн жөндөмү, демилгеси жана мол тажрыйбасы менен өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкөлөрдө илдетке каршы күрөштү жетектеди», - деди Мамлекет башчысы.
Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев алгачкы медициналык-санитардык жардамдын маанилүүлүгүнө, атап айтканда, 2018-жылдагы Астана декларациясын жайылтууга көңүл бурду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков