Казакстан менен Беларусь жакынкы 5 жылга соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Ал биргелешкен долбоорлордун пулун толуктоого жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда тыгыз байланыштарды түзүүгө багытталган. Мындай жыйынтык Казакстан менен Беларустун премьер-министрлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилүү болду. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан -14 долбоор дээрлик 280 миллион долларга бааланды. Алардын ичинен 200 млн долларлык 11 биргелешкен ишкана пайдаланууга берилди. Заводдордо тракторлор, дан жана тоют жыйноочу комбайндар, чиркегич Айыл чарба техникалары чогултулат. Өз ара сооданын көлөмү да өсүүдө - быйылкы жылдын 8 айында көрсөткүчтөр 600 миллион долларга жетти. Тараптар ошондой эле туризмди өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык өнөктөштүк боюнча өз ара аракеттешүү тууралуу макулдашты. Анын алкагында иш-чаралар планына кол коюлду.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков