Казакстан Пакистан рыногуна товарлардын 85 түрү боюнча жалпы суммасы 500 млн долларга жеткирүүнү көздөөдө. Атап айтканда, өлкө бул мамлекетке мунай-химия, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана унаа жасоо өнүмдорүн экспорттоону кеңейтүүгө даяр. Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу товар жүгүртүү 16% га өсүп, 40 млн долларга жетти. Бул тууралуу эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында Исламабадда өткөн жолугушуусунда белгилүү болду. Олжас Бектенов кесиптеши Шахбаз Шариф менен айыл чарба тармагында кызматташуунун дараметин талкуулады. Ошентип, казакстандык агро өнүмдү жеткирүү көлөмү дээрлик 2 эсеге өсүп, 7 жарым миллион доллардан ашты. Мындан тышкары, Казакстан өкмөтү Пакистанга дан эгиндеринин көлөмүн жыл сайын 2 млн тоннага чейин көбөйтүүгө даяр. Тараптар ошондой эле" Казакстан - Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан" мультимодалдык каттамын жана "Казакстан-Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан" жаңы транспорттук коридорун мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков