Мамлекет башчы Египет президентине куттуктоо телеграммасын жиберди

Мамлекет башчы Египет президентине куттуктоо телеграммасын жиберди

Касым-Жомарт Токаев Египеттин президентине телеграмма жөнөтүп, аны өлкөнүн улуттук майрамы – Революция күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы Казакстан менен Египеттин ортосундагы жалпы руханий баалуулуктарга жана ар тараптуу өз ара кызматташууга негизделген мамилелер чөйрөсү кеңейгендигин ыраазычылык менен белгиледи. Ал ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу улана берерине ишеним билдирди. Касым-Жомарт Токаев Абдель Фаттах Ас-Сисиге жооптуу кызматта чоң ийгиликтерди жана боордош Египет элине ийгилик каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков