Казакстан курама командасы эл аралык олимпиадада 5 медаль жеңип алды

Казакстан курама командасы эл аралык олимпиадада 5 медаль жеңип алды

Улуу Британияда өткөн 65-эл аралык математикалык олимпиадада Казакстандын курама командасынын куржуну дагы беш медаль менен толукталды. Бул тууралуу Окуу-агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул ирет алдыңкы 7 олимпиаданын катарына кирген билим сынагы он күнгө созулду.  Ага 108 өлкөдөн 600дөн ашык окуучу катышты. Белгилей кетсек, Казакстандык билимдүү окуучулар жыл сайын IMO олимпиадасына катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. Маселен, былтыр өлкө 6 медалга ээ болгон. Ал эми ушул күнгө чейин 16 алтын, 44 күмүш жана 75 коло медаль жеңип алган.

Казакстан курамасы:

Шарел Маргулан – ІІ орун

Амирлан Аманжолов – ІІ орун

Мирон Юркевич – ІІ орун

Жан Даутов – ІІІ орун

Владимир Роговский – ІІІ орун

Динмухамед Егеубаев - ардак грамота

Которгон: Илгиз Жамалбеков