Казакстандын Президенти Бразилиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти Бразилиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти Бразилиянын Тышкы иштер министри Мауро Виейраны кабыл алды. Тараптар энергетика, айыл чарба, тоо-кен металлургия тармактарында, ошондой эле инновациялар жана жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты кеңейтүү келечегин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев бразилиялык делегациянын, анын курамына бизнес өкүлдөрү киргенин, эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берерин белгиледи. Президент Бразилия – Казакстандын Латын Америкасындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, ошондой эле алардын лидери Лула да Силвага жылуу каалоолорун айтып, аны өлкөгө сапар менен келүүгө чакырды. Эл аралык күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын атомдук энергияны МАГАТЭнин көзөмөлү астында тынчтык максатта гана пайдаланууга берилгендигин ырастады. Казакстан ядролук куралды жайылтпоо жаатында кеңири эл аралык ишенимге ээ экени белгиленди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков