Касым-Жомарт Токаев Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Саясатчылар соода, инвестиция жана өзөктүк куралды жайылтпоо чөйрөлөрүндө стратегиялык өнөктөштүктү интенсивдүү өнүктүрүүгө өз ара умтула тургандыгын ырасташты. Касым-Жомарт Токаев эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча Казакстандын позициясын билдирди. Кызматташтыктын жогорку динамикасын сактоо үчүн президенттер үзгүлтүксүз байланыштарды макулдашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

