Нидерланды премьер-министринин сапары Астана менен Амстердамдын соода-экономикалык алакаларынын өнүгүшүнө жаңы дем берет. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Марк Рюттенин Казакстанга болгон иш сапары учурунда билдирди. Өз кезегинде Марк Рютте эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал мындан ары да Казакстан менен Нидерландынын өз ара аракеттешүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, ошондой эле транспорт, инновация, атомдук энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, климат, суу ресурстарын башкаруу тармактарындагы байланыштарды чыңдоо жолдору кеңири талкууланды. Буга кошумча, Евробиримдик менен интеграциянын алкагында диалогду улантуу маанилүү экени өзгөчө көнүл бурулду. Белгилей кетсек, Нидерланды Казакстандын экономикасына эң ири инвестор болуп саналат. Анын Казакстанга түз инвестициясы 120 миллиард доллардан ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков