Дүйнөлүк бокс чемпионатынын жеңүүчүлөрү Акордада сыйланды.
Эскерте кетсек, спорттук иш-чара Ливерпуль шаарында өтүп, анда Казакстан курама
командасы дүйнөнүн 68 мамлекетинин арасында жалпы командалык эсепте биринчи
орунду ээледи. Спортчулардын куржунунда 10 медаль бар, анын ичинен 7си алтын.
Аларды Санжар Ташкенбай, Махмуд Сабырхан, Төрөхан Сабырхан, Айбек Оралбай, Алуа
Балкибекова, Аида Абикеева, Наталья Богданова, ошондой эле Назым Кызайбай,
Виктория Графеева жана Елдана Талипова багындырышты. Президент спортчулардын
көрсөткүчтөрүн өлкө үчүн жаркын жана тарыхый деп атады. Ошондой эле, ал биринчи
дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы бүткүл улуттук команданын биргелешкен ишинин
натыйжасы экенин белгиледи. Бирок, мамлекет башчысы бошонууга азырынча эрте
экенин баса белгиледи. Алдыда Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндары турат жана
казакстандыктар спортчуларга чоң үмүт артууда.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Эл
аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын коргоо – бул чоң сыймык гана эмес, ошондой
эле чоң жоопкерчилик. Сиздердин жеңиштериңиздер жаштарды шыктандырат. Ата
мекендик спортчулар улуттун ден соолугун чыңдоого өз салымдарын кошууда деп
ишенимдүү айтууга болот. Чемпион болуу – өлкөнүн даңкын арттыруу дегендик,
анткени биздин спортчулардын даңкы – бул бүткүл элдин даңкы, мамлекетибиздин
кадыр-баркынын көрсөткүчү.
Касым-Жомарт Токаев өлкөдө спорт менен машыгууга бардык шарттар түзүлгөнүн, инфраструктураны жакшыртууга чоң көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Балдар жана жаштар үчүн жаңы спорт залдары, комплекстер жана секциялар ачылууда – өлкөнүн бардык аймактарында, айылдарда дагы. Ошондой эле, бул жылы Улуттук спорт университети ачылат. Жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн Казакстандын Президенти мушкерлерди жана алардын машыктыруучуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

