Алихан Смаилов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери жана 2023-жылга республикалык бюджеттин параметрлерин тактоо тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2023-жылы бюджеттик чыгашаларды ички кайра бөлүштүрүүнүн жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 2,2 триллион теңгени тактоо пландалып жатат. Ошону менен бирге чакан жана моно-шаарларды өнүктүрүүгө, «айыл - өлкө бешиги» долбоорун ишке ашырууга, калктуу конуштарды газ менен камсыздоого, жылуулук менен камсыздоо системаларын курууга жана реконструкциялоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга кошумча каржы бөлүү көздөлгөн. Ошондой эле, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүүгө, өндүрүш тармагындагы ири долбоорлорго, армияны жаңылоого жана аскердик кызматтын шарттарын жакшыртууга кошумча каражат бөлүү пландалууда. Жыйындын соңунда президент бюджеттик каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков