Немис серепчилери Казакстанда өткөн шайлоо туурасында

Немис серепчилери Казакстанда өткөн шайлоо туурасында

Казакстан менен Германиянын мамилеси өлкөдө болуп өткөн шайлоодон кийин жаңы деңгээлге чыгат. Мындай пикирин Германиянын бизнес дүйнөсүнүн өкүлдөрү билдиришти. Атап айтканда, стратегиялык өнөктөштүк боюнча Казакстан-Германия бизнес кеңешинин тең төрагасы Петер Тильс Казакстан Германиянын Борбордук Азия аймагындагы маанилүү соода өнөктөшү экенине токтолду. Мамлекеттер бул кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө тийиш. Дипломаттын айтымында, Германия Казакстан менен «жашыл суутектерди» өндүрүү жаатында кызматташтык орнотууга кызыкдар.

Петер Тильс, Казакстан-Германия ишкердик кеңешинин тең төрагасы:

Казакстан Европа, анын ичинде Германия менен экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин көрүп жатабыз. Бул бизди кубандырат жана эки тарапка тең экенин айткым келет. Бир нече жума мурун Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Казакстанга иш сапары менен келип кетти. Аны менен бирге сиздердин өлкөгө немис бизнесмендери, анын ичинде энергиянын кайра жанма булактары менен иштеген бизнес топтору келишти. Бул жолу узак мөөнөттүү кызматташууга негизделген келишимдер жактырылды. Алардын ичинен эң чоңу – жашыл суутек өндүрүү боюнча биргелешкен долбоору. Германия эң мыкты технология менен камсыз кылат. Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамиле бекемделет деп ишенем, буга жетиштүү негиз бар.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча талдоочу, Бритта Волленвебер Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоо тууралуу пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, өлкө Жаңы Казакстанды түзүүнүн жана кайра куруунун комплекстүү системасын ишке ашыруу үчүн туура багытты тандап алды.

Бритта Волленвебер, Борбордук Азия мамлекеттери боюнча талдоочу:

Германиянын серепчилик коомчулугунун курамында Казакстанга, анын ичинде, албетте, сиздердин өлкөдө өткөн президенттик шайлоого абдан кызыгуусу жогору. Мен сиздердин президент 2019-жылдан бери кеңири реформаларды жарыялаганынан кабардармын. Ал эми быйыл жалган куран айынын 16да Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда “Жаңы Казакстан – жаңыруу жана жаңылануу жолу” концепциясын сунуштады. Бул парламентти жана саясий институттарды өнүктүрүү, жарандык коомдун өркүндөшү сыяктуу көптөгөн багыттарды камтыган масштабдуу долбоор. Мен Казакстандын президентин таза жеңиши менен куттуктайм жана элиңизге жемиштүү реформаларды жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков