Казакстандын Президенти Конституциялык комиссиянын төрайымы – Конституциялык соттун төрайымы Эльвира Азимованы кабыл алды. Жыйынга Конституциялык комиссиянын төрагасынын орун басары – Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү – Президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаев катышты. Касым-Жомарт Токаевге медиа мейкиндикте түз көрсөтүлүп жаткан отурумдардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Акыркы 6 айда Конституциялык реформалар коомдук талкууда болду. Электрондук платформага жарандардан, окумуштуулардан, серепчилерден, юристтерден, саясий партиялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан, кесиптик жана бизнес коомчулуктардан 2 миңден ашык сунуш келип түшкөн. Комиссия мүчөлөрү Конституциянын преамбуласынын түп-тамырынан бери жаңы редакциясын, бир катар беренелерди жана бөлүмдөрдү иштеп чыгып, караштырды. Мамлекет башчысы алдыдагы Конституциялык реформа өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы дем берерин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

