Казак паспорту дүйнөлүк рейтингдеги позициясын жакшыртты

Казак паспорту дүйнөлүк рейтингдеги позициясын жакшыртты

Казакстан дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтингинде өз ордун жакшыртты. Henley Passport Index маалыматы боюнча, 2026-жылы өлкө 61-орунду ээледи. Бүгүнкү күндө казакстандык паспорт 78 мамлекетке визасыз кирүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, Henley рейтинги эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүн баалайт жана дүйнө жүзү боюнча 200гө жакын паспортту, 227 туристтик багытты камтыйт. Тизменин сап башында Сингапур турат. Анын жарандары 192 өлкөгө визасыз бара алышат. Экинчи орунду Жапония менен Түштүк Корея ээледи, үчүнчү сапта Дания, Люксембург, Испания, Швеция, Швейцария турат, алар дүйнөнүн 186 өлкөсүнө визасыз бара алышат. Серепчилер белгилегендей, Казакстандын рейтингдеги позициясынын жакшырышы өлкөнүн эл аралык кадыр-баркынын чыңдалышын жана активдүү тышкы саясатын түздөн-түз чагылдырат. Талдоочулардын айтымында, 2025-жыл тышкы саясий сапарларга бай болду, анын алкагында Казакстан дүйнөлүк саясаттын негизги борборлору – Москва, Бээжин жана Вашингтон менен диалог курду. Бул өз кезегинде өлкөнүн инвестициялык тартымдуулугунун өсүшүнө да өбөлгө түздү.

Асель Назарбетова, Алматы шаарындагы КСИИ өкүлчүлүгүнүн жетекчиси:

- Казакстан буга чейин эле туруктуу өнүгүп жаткан мамлекет катары таанылган. Биздин бүгүнкү күндөгү имиджибиз, ийгиликтүү өнүгүп жаткан өлкө катары айтылууда. Мамлекет башчысынын 2025-жылдагы бардык сапарларынын натыйжасы инвестициялардын көп көлөмүн тартуу болду. Бул болжол менен 70 миллиард АКШ долларын түзөт. Башкача айтканда, бул биздин экономика үчүн чоң пайда. Муну бир гана акчалай пайда деп караштыра албайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков