Казакстан-Канада: жашыл энергетиканы өнүктүрүү

Казакстан менен Канада энергетика тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар. Бул максатта Түндүк Америка мамлекетинин өкүлдөрү борборго келишти. Белгилей кетсек, өлкө жаратылыш ресурстарына бай. Мунай, газ жана көмүрдүн ири өндүрүүчүсү деп эсептелет. Жалпысынан бул эле эмес. Тараптар биргелешип жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө кызыкдар. Тактап айтканда, Канаданын Альберта провинциясынын альтернативдүү энергия сунуштары көп. Бул күн, суу, шамал жана биоэнергетикалык түрлөрдүн мол кору менен дүйнөдөгү эң ири жашыл технологияларды экспорттоочу аймактардын бири.

Ааридж Башир, Альберта провинциясынын иш менен камсыздоо, экономика жана соода министрлигинин департамент мүдүрү:

– Альберта менен Казакстан айлана-чөйрөсү жана климаты боюнча окшош. Биздин жашыл технологияларды колдонуу менен Казакстанда энергетика тармагын өнүктүрүү жана туруктуулукка жетишүү үчүн чоң дарамет бар деп эсептейм. Канадада бул багытты туруктуу өнүктүрүүгө, буу газдарынын эмиссиясын азайтууга жана өндүрүш ыкмаларын жакшыртууга басым жасалат. Көмүртек абага тарабашы үчүн калдыктарды туура сактоо маанилүү. Альберта Канадада ушул технологиялар боюнча лидер. Казакстанда бул тажрыйбаны киргизүү үчүн бардык шарттар бар деп эсептейм.

Бул Альберта менен ата мекендик тармактын адистеринин биринчи жолугушуусу. Алдыда бул багытта дагы бир катар кеңештер жана сүйлөшүүлөр болот. Бул жердеги негизги максат-жаңылануучу энергия боюнча биргелешкен долбоорлорду түзүү. Жергиликтүү тарап өлкөдө «жашыл» технологияларды киргизүү үчүн табигый ресурс менен тажрыйбалуу адис жетиштүү деп ырастоодо.

Ерлан Аккенженов, Энергетика вице-министри:

– Жашыл энергетикада чоң чаралар кабыл алынат деп ойлойм. Эми кийинки сессияларда инвестиция тартуу боюнча келишимди карайбыз. Албетте, жакшы идеялар, жакшы ойлор болсо, Казакстанды колдойбуз.

Жанибек Катренов, BOLASHAQ бирикмесинин төрагасы:

– Казакстанда адамдык дарамет бар. Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алган кадрлар көп. Кааласаңыздар, Канададан эле 300дөй бүтүрүүчү бар. Ошондуктан биздин өлкөгө инвестиция салууга болот. Биз менен бирге долбоорлорду түзүүгө толук мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков