Аскердик парадда Улуттук гвардиянын дирижерлорунун төрт чыгармасы жаңырат

Аскердик парадда Улуттук гвардиянын дирижерлорунун төрт чыгармасы жаңырат

Астанада быйылкы Жеңиш парадында Улуттук гвардиянын аскер дирижерлору жазган 4 окшош музыкалык чыгарма аткарылат. Азыр оркестр бугу айынын 7де өтө турган маанилүү иш-чарага даярданып жатат. Авторлор бул обондуу чыгармалар жоокерлердин духун ойготуп, шыктандырышы мүмкүн деп ырасташат. Чыгармачыл программа менен катар парадга катышкан аскер кызматкерлеринин кийим формасы да жаңыланат. Белгилей кетсек, быйылкы парадга 4 миңден ашуун аскер кызматкери катышат. Алардын 315и аскер музыканттары.


Олжас Кудайкулов, Улуттук гвардия аскерий-оркестр борборунун башчысы:


- Тактап айтканда, «генерал Жексембаев» чыгармасы, «Шаттык» чыгармасы, «Кыран» чыгармасы жана биздин улуттук гвардиябыздын «элдин коргоочусу» гимни.


Наиль Валиев, Улуттук гвардия аскерий-оркестр борборунун улук офицери:


- Бир жыл мурун мен үйлөмө оркестр үчүн марш жазууну ойлодум. «Баатыр» чыгармасы биринчи кезекте улуттук гвардиянын аскердик оркестринин саптык репертуардык фондун толуктоо максатында жазылды. Бул эки бөлүктөн турган ачык жана жаркын чыгарма. Ал аскердик оркестр фондуна киргенине кубанычтамын. Автор катары анын эми алдыдагы аскердик парадда аткарыла турганы мен үчүн чоң сыймык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков