Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев иш сапары
менен Алматыга келип, ачылышынын алдында аэропорттун жаңы эл аралык терминалы
менен таанышты. Мамлекет башчыга эл аралык стандарттарга ылайык курулган
объектинин жалпы аянты 53,5 миң чарчы метрди түзгөнү маалымдалды. Ал эми өткөрүү кубаттуулугу жылына 14 миллион адамга чейин көбөйтүлдү. Альп аба портунун
башчысы Эр Тунга Эрсой терминал өрт жана сейсмикалык коопсуздук талаптарын
сактоо менен курулганын жана 10 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере
алаарын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевге каттоо, чек ара жана
бажы көзөмөлү аймактары менен жүк салуучу жай менен тааныштырылды. Белгиленгендей,
жаңы терминал EDGE стандарты боюнча Борбордук Азияда биринчилерден болуп
сертификацияланган. Анда 50 кабыл алуу пункту, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү
чектелген адамдар үчүн толук жеткиликтүү эң акыркы жабдыктары бар. Андан соң мамлекет башчы аэропорттун жаңы VIP
терминалын көрүп чыкты. Иш сапардын жыйынтыгында мамлекет башчы долбоорду ишке
ашыруучу компанияга жана стратегиялык объектти ишке ашырууга катышкан бардык
жооптуу адамдарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, президент Алматыда
окумуштуулар менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө илим-билим
сыяктуу тармактарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи. Анын
айтымында, өлкөгө жаш окумуштуулар, инженерлер жана ойлоп табуучулар керек. Мамлекет
башчысы Казакстан Евразиядагы эң ири санариптик хабдардын бири болушу
керектигин эске салды. Президенттин баамында бул үчүн, жасалма интеллект
технологияларын кеңири жайылтууну тездетип, экосистеманы түзүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков