Астанада айыл чарба кызматкерлеринин экинчи форуму өттү.
Ага Казакстандын Президенти, ошондой эле айыл чарба товар өндүрүүчүлөр,
тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү, инвесторлор, тармактын ардагерлери жана
тиешелүү жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Касым-Жомарт Токаев
аграрийлерге, фермерлерге, малчыларга ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы
менен куттуктады. Ал белгилегендей, акыркы он жылда өлкөдө айыл чарбасынын дүң өнүмүнүн
көлөмү 2,5 эседен ашык өсүп, 8,3 триллион теңгеге жетти. Мамлекет башчысы
2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү зарыл экенин билдирди.
Бүгүнкү күндө Казакстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк рейтингде
32-орунда турат. Бирок жетишкендиктерге токтолуп калууга болбойт. Касым-Жомарт
Токаев айыл чарбасынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды, анткени
тармактын кызматкерлерине мамлекет тарабынан керектүү колдоо көрсөтүлүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Сууну
үнөмдөөнү жогорулатып, ирригациялык тармактарды модернизациялоо зарыл. Айыл
чарбасы жалпы суунун 60%ке жакынын керектейт. Айыл чарба тармагында сууну
рационалдуу, башкача айтканда, үнөмдүү пайдалануу – биздин бүтүндөй суу
экосистемасынын туруктуулугунун аныктоочу фактору. Агросектордо сууну үнөмдөөчү
заманбап технологиялар киргизилип, нымды көп талап кылган өсүмдүктөрдүн
аянттары кыскартыла баштады, бирок бул иштин башталышы гана. Серепчилер үч
жылдын ичинде сууну үнөмдөөчү технологиялар менен камтууну бир миллион гектарга
жеткирүүгө мүмкүн деп эсептешет. Долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында
санариптик чечимдерди киргизүү жана катуу көзөмөл жүргүзүү менен суу
инфраструктурасын модернизациялоону тездетүү керек.
Касым-Жомарт Токаев мал чарбасынын да мүмкүнчүлүктөрүн
белгиледи. Бул тармакта конкреттүү каржылоо механизмдери иштейт – жайыттарды
суу менен камсыздоого, бордоп семиртүүчү аянтчаларды курууга жана асыл тукум
малды алууга субсидиялар берилет. Өткөн жылы эле бул максаттарга 60 миллиард
теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Мал чарба тармагындагы бизнести колдоо планы
малдын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ал кийинки жылы кабыл алынат. Бул
Казакстанга эл аралык рыноктордо эттин ири жеткирүүчүсү деген макамды
кепилдейт. Президент ошондой эле башка маселелерге да токтолуп, айыл чарбасын
санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Көптөгөн
аграрчыларыбыз ар кандай технологиялык жаңылыктарды (акылдуу фермалар,
агродрондор, спутниктик технологиялар жана жасалма интеллект) активдүү колдоно
башташты. Бирок бүткүл өлкөнүн масштабында системалуу жылыш жөнүндө азырынча
айтуу эрте. Айрым «акылдуу» чечимдерден толук кандуу
санариптик агроөндүрүшкө өтүү зарыл. Ар бир чарба санариптик технологияларды
колдонууга кызыкдар болушу керек. Мамлекеттик колдоону инновацияларды, анын
ичинде жасалма интеллект технологияларын киргизген ишканалар алышы керек. АӨК платформасынын
базасында тармакты комплекстүү башкарууну камсыз кыла турган айыл чарба
маалыматтарынын бирдиктүү архитектурасын куруу керек.
Президент ошондой эле тармакка чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча ишти тездетүүгө чакырды. Бүгүнкү күндө Өкмөт 4 триллион теңгеге бааланган 200дөн ашык инвестициялык долбоорлордун тизмесин түздү. Мамлекет башчысы Qazaq Organicfood брендин эл аралык рынокко жылдырууну тапшырды. Жалпысынан республика 70 өлкөгө беш миллиард доллардан ашык суммага айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт. Бүгүн ошондой эле Президенттин колунан тармактын 30 кызматкери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

