Казакстандын өкмөтү 2029-жылга чейин инфраструктураны
өнүктүрүүнүн Улуттук планын жарыялады. Ал калктын жана экономиканын
керектөөлөрүн камсыздоого багытталат. План инфраструктуранын 4 негизги багытын
камтыйт. Аларга токтоло кетсек: энергетика, транспорт, санариптик жана суу
менен камсыздоо жана өндүрүш тармактары. Буга карата 204 долбоордун тизмеси
түзүлдү. Тактап айтканда, электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу
жылуулук тармактарын модернизациялоо жана башка керектөөлөрдү канааттандыруу
үчүн жаңы энергия булактарын ишке киргизүү көздөлүп жатат. Бул долбоорлорду
ишке ашыруу үчүн 40 триллион теңгеден ашык каражат керек. Анын көбү бюджеттик
каражаттар эмес. Өкмөттүн маалымдашынча, бул долбоорлорду ишке ашыруунун
экономикалык пайдасы абдан чоң. Эгерде ал ички дүң өнүмдүн орточо 2,3% өсүшүнө
алып келсе, жалпы кошумча нарктан түшкөн пайда 25 триллион теңге өлчөмүндө
болот. Бул пландын дагы бир мааниси 150 миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүү
болуп саналат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков