Мамекет башчысы Германия Бундесратынын президенти менен жолугушту

Мамекет башчысы Германия Бундесратынын президенти менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундесратынын төрагасы Анке Релингер менен жолугушту. Президент Германияны Казакстандын Евробиримдиктеги негизги стратегиялык өнөктөшү деп атап, бул өлкө экономиканын алдыңкы инвесторлорунун бири экенин белгиледи. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Касым-Жомарт Токаев ардактуу конокко өлкөдөгү масштабдуу саясий реформалар жана экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.

Касым-Жомарт Токав, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биз азыр ири инфраструктуралык долбоорлорго, санариптештирүүгө жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө көңүл бура турган учур деп эсептейбиз. Ошондой эле транспорт-логистика жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү зарыл.

Анке Релингер, Германия Федеративдик Республикасынын Бундесратынын президенти:

- Ой-пикир алмашууга убактыңызды бөлгөнүңүз үчүн чоң рахмат. Сиздин жылуу саламыңызды федералдык президент Штайнмайерге жеткирем. Ал Казакстан менен Орто Азиянын чыныгы досу. Казакстан орто держава катары бул аймактагы биздин негизги өнөктөшүбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков