Казакстан Израилден өлкө жарандарын чыгарып кетүү үчүн атайын учак жиберет

Казакстан Израилден өлкө жарандарын чыгарып кетүү үчүн атайын учак жиберет

Израилдеги аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу Казакстандын 118 жараны өлкөгө кайтып келүү ниетин билдирди. Бир нече күндөн кийин аларды коопсуз жайга алып кетүү үчүн өлкөдөн атайын рейс менен учак жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди. Анын айтымында, Израилде каза болгон, жарадар болгон жана барымтага алынган казакстандыктар тууралуу маалымат түшө элек. Бүгүнкү күндө консулдук каттоодо 77 адам бар. Кошумчалай кетсек, ал өлкөдө 5 студент жана 30га жакын казакстандык медициналык окуудан өтүп жатышат. Ошондой эле, каттоого алынбаган дагы 400 дөн ашуун казакстандык бар болушу мүмкүн.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
-
Тышкы иштер министрлиги жана Казакстандын Тель-Авивдеги элчилиги Израилдеги Казакстан Республикасынын жарандары жана алардын биздин өлкөдөгү жакындары үчүн ишеним телефонун ачты. Бул эки күндүн ичинде мекендештерибизден 500дөн ашык чалуу түшүп, аларга жооп берилди. Биздин дипломаттар Израилдеги Казакстандын жарандары менен дайыма байланышта болуп, алар менен тез арада чара көрүү максатында атайын мессенджерде чат түзүшкөн. Ага Израилде жашаган Казакстандын 200дөй жараны кошулду. Бул чаттагы барлашууда мекендештерибиз жашаган жери тууралуу маалымат берип, дипломаттар менен үзгүлтүксүз байланыш орнотту.

Израилдеги жаңжалга байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттердин алгоритмин аткарууга киришти. Буга чейин министрлик мындай жагдай боюнча өз пикирин билдирген.

 Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
-Көптөгөн жайкын тургундардын көз жумуусуна алып келген палестиналык-израилдик кагылышуунун күчөшүнө Казакстан катуу тынчсыздануусун билдирет. Биз тараптарды кырдаалды тынчтык жол менен чечүүнүн саясий жолдорун издөөгө жана эки мамлекеттин ортосунда гана эмес, жалпысынан Жакынкы Чыгышта абалдын мындан ары курчушуна алып келе турган аракеттерге барбоого чакырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков