Казакстандын Премьер-Министри Астана шаарындагы өнөр жай долбоорлорун текшерди

Казакстандын Премьер-Министри Астана шаарындагы өнөр жай долбоорлорун текшерди

Астанада 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3,4 трлн теңгеден ашты. Өнөр жайдын негизги бөлүгү №1 Индустриялык парктын аймагында топтолгон. Ал жалпы наркы 333 млрд теңге болгон 137 долбоорду камтыйт. Премьер-министр борбор калаанын индустриялык өнүгүү процессин текшерди. Олжас Бектенов сапардын жүрүшүндө өрт өчүрүү жана атайын техникага асма жабдуулар заводунун иши менен таанышты. Ишкана 2025-жылдын үчтүн айында ишке киргизилген.


Баубек Казбаев, Асма жабдыктар заводунун коммерциялык бөлүмүнүн мүдүрү:


Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 400 бирдик атайын автоунаалар үчүн компоненттерди жасоого эсептелген. Ишмердүүлүк алкагында ишкана мамлекеттик мекемелерге жана коммерциялык уюмдарга адистештирилген, коммуналдык техникаларды жеткирүүнү ишке ашырат.


Өкмөт башчысы жаратылыш газы менен иштеген ЖЭБ-3 иши менен да таанышты. Жылуулук электр борбору саатына 440 Гкал жылуулук өндүрөт. Долбоордун 2-этабынын алкагында саатына 500 МВт электр энергиясын өндүрүүчү буу-газ орнотмосун куруу каралган. Жылуулук электр борбору өсүп келе жаткан шаардын энергия тартыштыгын толугу менен жабат жана ашыкча корун камсыздайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков