Мамлекет башчысы казакстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысы казакстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Казакстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул күндүн өлкөнүн тарыхында өзгөчө мааниси бар экенин, эгемен мамлекет болууну эңсеп келген ата-бабалардын тилеги ишке ашкан улуу күн экенин белгиледи. Көз карандысыздык - баа жеткис байлык. Баарыбыз аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек,-деди президент. Эркиндик үчүн күрөшкөн улуттун урпактарын элдин эсинде түбөлүккө калтыруу ар дайым ыйык милдет болуп кала бермекчи. Бүгүнкү күндө алардын мекенчилдиги азыркы жана келечек муундар үчүн ар дайым үлгү. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле быйылкы жыл өлкө үчүн бурулуш жыл болгонун, республика ички жана тышкы коркунучтарга туш болгонун, бирок чыңалбас биримдиктин жана ынтымактын аркасында бардык кыйынчылыктарды жеңип келе жатканын баса белгиледи. Казакстан элинин алдында турган негизги милдет – бул эгемендүү өлкөнү мындан ары өнүктүрүү, - деди мамлекет башчысы. Мындан сырткары ал, мекендештерге ден соолук, бакубатчылык жана өлкөгө тынчтык каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков