Казакстанда Семей өзөктүк коопсуздук аймагы түзүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Болат Акчулаков Мажилистин жалпы жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, полигон жабылгандан бери бир катар көйгөйлүү маселелер аныкталган.
Болат Акчулаков, Казакстандын энергетика министри:
– Маселени чечүү үчүн «Семей ядролук коопсуздук зонасы жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда: биринчиси, Семей ядролук сыноо полигонундагы иштердин аткарылуусуна жооптуу уюмду дайындоо, экинчиси – комплекстүү экологиялык текшерүү жана мамлекеттик экологиялык талдоо натыйжалары боюнча нормативден тышкары радиациялык булганган аймактардын ошондой эле шарттуу таза жерлердин чек аралары менен райондорун аныктоо. Үчүнчүсү – булганган аймактарда Семей ядролук коопсуздук зонасын түзүү жана аларды ыйгарым укуктуу уюмга пайдаланууга берүү.
Айта кетсек, биринчи өзөктүк бомба 1949-жылдын баш оона айынын 29да Семей полигонунда сыноодон өткөн. 40 жылдан ашык убакыттан бери полигондо 456 өзөктүк сыноолор жүргүзүлүп, жардыруулардын жалпы кубаттуулугу Жапониянын Хиросима шаарына ташталган ядролук заряддын кубаттуулугунан 250 эсе жогору болгон. 1991-жылы өлкөнүн Туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Семей өзөктүк полигону жабылган. Бүгүнкү күндө анын аймагы болжол менен 18300 чакырымды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков