Казакстандын Президентинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин төрагалыгы астында өттү. Катышуучулар Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбулдук иш-аракеттер планынын алкагында мониторингдин 5-раундун ишке ашырууну карашты. Ошондой эле, эл аралык стандарттарды ишке ашыруу аркылуу улуттук коррупцияга каршы мыйзамдарды жана укук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча республикада көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдалды. Ерлан Карин сөзүнүн жыйынтыгында, беделдүү эл аралык уюм менен мындан ары да өз ара аракеттенүү боюнча тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

