Казакстандын Президенти аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барды

Казакстандын Президенти аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барды

Казакстандын президенти жумуш сапары менен Алматы шаарына барды. Касым-Жомарт Токаев аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин илимий дарамети менен таанышты. Мамлекет башчысына инновациялык өнүмдөр борбору жана Farabi Hub-дын жогорку технологиялык долбоорлору көрсөтүлдү. Хаб бүгүнкү күнгө чейин 20 млн доллардан ашык инвестиция тарткан. Анын базасында креативдүү индустрия, жасалма интеллект жана стартаптар иштелип чыгат. Учурда бул жерде жалпы наркы 1 млрд 250 млн теңгени түзгөн төрт ири долбоор ишке ашырылууда. Мисалы, кытайлык университет менен биргеликте микроспутник жана түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган жер спутниги иштелип чыгууда. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев университет базасында жайгашкан суперкомпьютер кластеринин иши менен таанышты. Аны курууга 23 млн доллар инвестиция тартылган. Кластер татаал эсептөөлөрдү аткаруу мөөнөтүн кыйла кыскартып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун арттырат. Ошондой эле IT жана жасалма интеллект тармагында адистерди даярдоого кеңири жол ачат.

Андан соң мамлекет башчысы ЖОЖдордун илимий коомчулугу менен жолугушту. Президент өз сөзүндө жаңы Конституцияда адам капиталын, билимди, илимди, инновацияны өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн стратегиялык багыты катары бекитилгенин белгиледи. Ал бул жагдайда илимий дараметти арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Жалпысынан, акыркы убакта бул тармакта масштабдуу иштер аткарылды, бирок дагы эле көп иштерди жасоого туура келет. Кийинки беш жылда илим тармагына салынган инвестициянын көлөмү алты эседен ашты. Өлкөбүздө изилдөө университеттери көбөйүүдө, алардын конкреттүү өндүрүш менен байланышы чыңдалууда. Өкмөттүн маалыматы боюнча, азыр 200дөн ашык коммерциялык долбоор колго алынды. Ошентип, «Университет – изилдөө – инновация – коммерция» экосистемасы акырындык менен пайда болууда. Илим шаарчалары курулуп, технологиялык парктардын жана инжиниринг борборлорунун курулушу башталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков