Түркиянын жараны 70 жашында Кожа Ахмед Ясауи университетинин эң улуу студенти болду. Кадрие Ышыклы казак тилин үйрөнүп, маданият менен таанышуу үчүн Түркестанга окууга келген. Азыр ал Кожа Ахмед Ясауи атындагы эл аралык Казак-Түрк университетинин даярдоо борборунда лекция угуп жатат. Белгилей кетсек, бул жерде университеттин ички грантын алган 200дөн ашык чет элдиктер окушат. Алар казак, түрк, орус жана англис тилдерин үйрөнүшөт. Даярдоо борборун ийгиликтүү аяктаган студенттер университетте тандаган адистиги боюнча окуусун улантышат. Ал эми Кадрие Ышыклы буга чейин "Туризм" адистиги боюнча билим алып, дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүндө болгон. Эми Борбор Азия өлкөлөрү менен жакындан таанышууну максат кылып жатат. Ошондуктан алгачкы жолу алган билимин андан ары өркүндөтүүнү улантат.
Кадрие Ышыклы, студент:
-Мен Казакстанга келгениме бир айдан ашты. Казак тилин үйрөнүп жүрөм. Мага казак тили жагат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

