Миллиондогон
казакстандыктар жасалма интеллект менен иштөөнү үйрөнүшөт. 5 жыл бою жогорку
квалификациялуу адистерди даярдоону өлкөнүн санариптик өнүктүрүү жана
аэрокосмостук өнөр жай министрлиги жүргүзөт. Бүгүнкү күндө өлкөдө тармакты
өнүктүрүү үчүн институттук жана укуктук база түзүлүүдө. Алсак, улуттук
стратегия иштелип чыгып, парламентарийлердин кароосунда «жасалма интеллект тууралуу»
мыйзам долбоору турат. Ошону менен бирге, серепчилердин айтымында, республикада
Жасалма интеллекттин эл аралык борборун түзүү Нейро тармактарын өнүктүрүүгө чоң
салым кошот. Ал стартаптарды, илимий коомчулукту, мамлекеттик органдарды, квази
мамлекеттик секторду, лабораторияларды жана эл аралык талдоочуларды бириктире
турган аянтча болот. Alem.aiдын 8-кабатында мектеп окуучулары үчүн
билим берүү мекемелери, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн лабораториялар,
кырдаалдык борбор, ошондой эле форумдар жана хакатондор үчүн аянтча жайгашат
деп күтүлүүдө.
Гиззат Байтырсынов, жасалма интеллект
комитетинин төрагасы:
- Бул
атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо, башкача айтканда, бул чет өлкөлүк
программа, анда студенттер окутуучуларсыз окутулат. 6-кабат бул-AI-кампус, жасалма интеллект-стартаптарды,
акселлерациялык, инкубациялык программаларды колдоо, ал жерде стартаптарды
дароо каржылоо үчүн венчурдук фонддордун өкүлдөрүн жайгаштырууну пландап
жатабыз. Келечектүү 7-кабатта R&D-борборлор болот деп пландаштырылууда,
анда-AI-лабораториялар
болмокчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

