«DIGITAL ALMATY» санариптик өнүктүрүү аянтчасына айланат

«DIGITAL ALMATY» санариптик өнүктүрүү аянтчасына айланат

Санариптик индустриянын келечеги 6-Эл аралык Digital Almaty форумунун негизги темасы болмокчу. Ал бештин айынын 1нен 3нө чейин өткөрүлөт. Бул жылы жолугушуунун программасында көптөгөн иш-чаралар пландаштырылган. Катышуучулар GovTech, 4.0 Industry, ESG жана Smart City сыяктуу өнөр жай жана инновациялар тармагындагы санариптик трансформация маселесин талкуулашат. Форумда 200 спикер аталган багыттар боюнча ой-пикирлери менен бөлүшөт. Алардын арасында эл аралык серепчилер, IT тармагында инновацияларды жасап жаткан адамдар да бар. Алар экономикада жана инновацияда жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашышат. 3 күнгө созула турган иш-чарага 30 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө.

 

Ерсултан Ерманов, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы министрлигинин департамент башчысы:

 

Салт боюнча форумдун аянтында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Мындан тышкары ШКУ өлкөлөрүнүн санарип форуму да болот. Анда министрлер санариптик күн тартибин талкуулашат. Муну менен катар биз 4.0 Industry  боюнча стартап долбоорлорду ишке киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Ошондой эле стартаптардын көргөзмөсү жана башка иш-чаралар пландалууда. Бул аянтча бизнестин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн да абдан пайдалуу болот. Ар бир адам өзү үчүн кызыктуу долбоорду таба алат. Бири-бири менен таанышып, бир пикирге келсеңер андан да жакшы болот.

 

Айта кетсек, Digital Almaty жыл сайын ар кыл өлкөлөрдөн дүйнөлүк эксперт адистерди чогултат. 2023-жылы иш-чарага 150дөн ашык спикер катышкан. Анда санариптик майнинг, крипто биржа, кибер коопсуздук, билим берүү жана корпорациялык инновация темалары эӊ көп талкууга алынган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков