Казакстан Ыйык Рамазан айында жана
Орозо айт майрамында БАЭ тургундары үчүн эң белгилүү туристтик багытка айланды.
Мындай маалыматты Skyscanner дүйнөлүк аба саякаты боюнча издөө системасы
бергенин «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы билдирди. Казакстан башка да
белгилүү багыттардан бир кыйла алдыда.
Алишер
Турсын, «Kazakh Tourism» УК расмий өкүлү:
- Азыр биз
жакшы тенденцияны көрүп жатабыз. Чынында туристтер өз сапарларын алдын ала
пландайт. БАЭ туристтери Ид аль-Фитр майрамында же бизче айтканда Орозо майрамда
Казакстанга сапар алууну көздөп жатат. Көрсөткүч 195% тең келет. Биз Швейцария,
Греция, Кипр, Сейшель аралдары сыяктуу өлкөлөрдүн арасында биринчи орундабыз.
БАЭ туристтеринин Казакстанга болгон
кызыгуусун сандар да тастыктайт. Мисалы, 2022-жылы өлкөгө үч миңге жакын
саякатчы келсе, былтыр алардын саны алты миңден ашкан. Серепчилердин баамында,
Казакстандын туристтик багыт катары таанымалдуулугунун өсүшү өлкөнүн эл аралык
туризм тармагындагы олуттуу дараметин көрсөтөт.
Алишер Турсын, «Kazakh Tourism» УК расмий өкүлү:
- Глобалдык
скайскэннер системасынын маалыматы боюнча, бизде Астана, Алматы шаарлары жана
Алматы облусу Эмираттардан келген туристтердин кызыгуусун жаратууда. Бул жерде
туристтер бир калыпта тынч, маданий туризмге жакын жерде эс алууну артык көрөт.
Ошондуктан алар
ушундай багыттарды тандайт
десек болот. Алматы тоолору, көлдөр менен дарыялардын укмуштуудай пейзаждары, муну менен катар, Астана да туристтердин арасында эң белгилүү багыттардын бири.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков