Бүгүн Касым-Жомарт Токаев «Адилеттүү Казакстан: мыйзамдуулук жана тартип, экономикалык өсүш, коомдук оптимизм» аттуу Казакстан элине кайрылуусун жарыялады. Биринчи кезекте мамлекет башчысы Казакстан эли азыр таптакыр жаңы саясий кырдаалда жашап жатканын айтты. Акыркы 5 жылда жасалган реформалар масштабдуу. Экономиканы ар тараптандыруу күч алды. Өндүрүш тармагында бир топ өсүш бар. Президент бул темпти жоготпоо керектигине өзгөчө көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев конкреттүү милдеттерди айтып, мурда түзүлгөн жагымдуу шарттарды пайдалануу менен жаңы инвестициялык мезгилди баштоо керектигин билдирди. Анын биринчиси, акча-насыя саясаты менен фискалдык саясаттын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу. Мамлекет башчысы банктар экономикага көбүрөөк акча киргизүүгө шарт түзүүнү тапшырды. Касым-Жомарт Токаев экономикалык жигердүүлүктү колдоо жана финтех индустриясын тез өнүктүрүү өңдүү актуалдуу маселелерди чечүү үчүн «Банктар жөнүндө» жаңы мыйзамды кабыл алуу зарыл экенин айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
– Эл аралык серепчилер казакстандык банктарды ресурстарга бай өлкөлөрдүн ичинен эң кирешелүү банктар категориясына кошот. Ошондуктан бул жааттагы салыктын көлөмүн адилеттүү белгилөө керек. Банктардын акционерлери өздөрүнүн дивидендине жараша салык төлөшү зарыл. Банктарга мамлекеттик жардам көрсөтүү жагынан бул абдан жөндүү позиция. Санариптик активдердин жүгүртүүсүн камсыз кылуу жана коопсуздук талабына ылайык банк тармагына инновацияларды киргизүү үчүн туруктуу жөнгө салуу механизмдеринин болушу маанилүү.
Инвестициялык климатты жана бизнес шарттарын жакшыртуу – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет. Президент экономикага түз инвестициянын көлөмүн азайтпоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү керектигин айтты. Өз кезегинде Өкмөт эл аралык каржы уюмдары тарабынан толук ишке ашырыла турган ири долбоорлордун тизмесин түзүүгө тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков