Казакстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар

Казакстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар

Казакстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнү максат кылышууда. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Алматыдагы бейформал жолугушууда билдиришти. Өзбекстандын лидери Казакстанга иш сапары менен келди. Касым-Жомарт Токаев мындай расмий эмес жолугушуулар жакшы салтка айланганын айтты.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бул – боордош жана дос мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында аткарылып жаткан иштерди дагы бир талкуулоо үчүн ылайыктуу учур. Биз союздаш өлкөлөрбүз. Эки мамлекеттин кызматташтыгы бүтүндөй Борбор Азия аймагындагы кырдаалга түздөн-түз таасирин тийгизет.


Мамлекет башчылары эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү абдан маанилүү экенин баса белгилешти. Өзбекстан канчалык ийгиликтүү өнүксө, өлкөлөр ортосундагы соода алака ошончолук көбөйөт. Соода-экономикалык кызматташтык алда канча сапаттуу болот.


Шамкат Мирзиёев, Өзбекстан Республикасынын Президенти:


- Биз союздашпыз. Өз ара алаканын аркасында көптөгөн маселелер чечимин таап келет, бардык келишимдер ишке ашырылып жатат. Конкреттүү жыйынтыктар бар. Сизди Казакстандын чоң ийгиликтерге жетүүсү менен куттуктайм. Экономикаңыздар өнүгүп келүүдө. Мен дайыма айтып келем, Казакстан мыкты болсо, Өзбекстан да мыкты болот деп. Бизде дагы көп иштер бар. Чоң ресурс жана резерв бар. Мындай формалдуу эмес баарлашуу биздин байланыштарыбызга, бардык макулдашууларыбыздын аткарылышына жаңы дем берет.


Президенттер Алматыдагы тоо лыжа кластери менен таанышты. Алар шаардын туристтик дараметин жогору баалашты. Курорт Борбордук Азиядагы кышкы жана жайкы эс алуу үчүн эң тартымдуу жайлардын бири. Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери AlmatyFair.ai көргөзмөсүнө да барышты. Борбордук Азиядагы технопарктардын эң ири альянсы болгон Central Asian Innovation Hubs тууралуу айтылды. Былтыр Казакстан менен Өзбекстандын ири технопарктарынын лигасы стартап-экосистеманы өнүктүрүү жана инновацияларды жайылтуу максатында ушул бренддин алдында бирикти. Президенттер Абилхан Кастеев атындагы Улуттук өнөр музейине барды. Ардактуу конокторго эл артистинин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат берилди. Муну менен катар сүрөтчү Орал Таңсыкбаевдин чыгармачылыгына арналган көргөзмөгөнү да аралап көрүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков