Казакстан-Франция: Кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөт

Казакстан-Франция: Кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөт

Касым-Жомарт Токаев менен Эмманюэль Макрондун сүйлөшүүлөрү Акордада тар жана кеңейтилген чөйрөдө – эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда өттү. Эске сала кетсек, Франциянын президенти Казакстанга расмий сапар менен келген. Касым-Жомарт Токаев Эмманюэль Макронду жылуу кабыл алып, Франциянын лидеринин Астанага биринчи сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана көп кырдуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Франция Казакстандын Евробиримдиктеги маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү. Өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 30%га өсүп, 4 миллиард долларга жетти. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында эки тараптуу сооданын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 21%га өсүп, 2,7 миллиард долларды түздү.

Франция Казакстандын экономикасына 18 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Азыр республикада 170тен ашык француз компаниясы иштейт. Өлкөлөр энергетика, курулуш, унаа жасоо, аэрокосмос, тоо-кен, атомдук жана химиялык өнөр жай, фармацевтика тармактарында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууда.  Мындан ары кызматташуу «жашыл» энергетика, логистика, транзит, Айыл чарба, санариптештирүү, билим берүү тармактарында жүргүзүлөт. Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан менен Франциянын лидерлери эки мамлекеттин тарыхындагы өзгөчө датаны: стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлганынын 15 жылдыгын белгилешти.

Эмманюэль Макрон, Франция президенти:
- Биздин экономикалык мамилелерибизге, анын ичинде айыл чарба, энергетика, кайра жанма энергия булактарына жаңы дем берилет деп ойлойм. Биз иштеп жаткан долбоорлорго да, жаңы демилгелерге да инвестиция салууну  колдойбуз. Мындан тышкары, биздин маданий-гуманитардык кызматташтыгыбыз динамикалуу өнүгүп жатат. Билим берүү жана илим тармагында конкреттүү келишимдер түзүлдү. Казак-француз университети 2024-жылдын аяк оона айында өз ишин баштоону көздөөдө.

Эки өлкөнүн лидерлери аймактык жана глобалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, чыр-чатакты тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Франция стратегиялык пайдалуу кендер тууралуу кызматташуу боюнча биргелешкен  декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча атайын жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Франциянын президенти Казакстан дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойноп жаткандыгына көңүл бурду. Бул багытта шарпка каршы вакцина өндүрүү долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду. Кошумчалай кетсек, Франция тараптын катышуусунда Жамбыл облусунда кубаттуулугу 1 гигаваттык шамал электр станциясы курулат. Мындан тышкары, тараптар локомотивдерди жана вагондорду чыгаруу үчүн инвестиция тартуу боюнча келишимге кол коюшту.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков