Өлкө парламентинин депутаттары эс алууга чыгышты. Бүгүн эки палатанын биргелешкен жыйыны болуп, анда жылдын негизги жыйынтыктары чыгарылды. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулиндин айтымында, биринчи сессиянын жүрүшүндө шайланган эл өкүлдөрү 270тен ашуун суроо-талап жөнөтүп, 104 мыйзам долбоорун карап чыгышкан, алардын 63ү кабыл алынып, ал эми 58ине өлкө президенти тарабынан кол коюлган. Негизинен шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген, тагыраак айтканда, саясий партиялардын Мажилиске кирүү босогосу 7% дан 5% га чейин кыскартылып, «баарына каршы» деген жаңы пункт киргизилген. Эми айыл округдарынын жашоочулары акимдерди өздөрү шайлайт. Мындан тышкары, жер мамилелери боюнча түзөтүүлөр кабыл алынып, ага ылайык, Казакстандын айыл чарба жерлерин чет элдиктерге сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салынды.
Андрей Лукин, РКнын Паоламент сенатынын депутаты:
- Бул сессия көптөгөн тарыхый окуялар менен коштолду. Тактап айтканда, парламент депутаттары жана сенаторлор тарабынан демилгеленген көптөгөн мыйзамдар кабыл алынды. Атап айтканда, бул жарандардын сот жараяндарындагы укуктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана башкалар. Мындан тышкары, биз өлкөбүздүн жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу жана ишканаларыбыздын, жарандарыбыздын экономикалык абалын чыңдоо максатында көптөгөн мыйзамдарды кабыл алдык.
Белгилей кетүүчү нерсе, казакстандык депутаттар дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөлөрүнүн парламенттери менен кызматташууну өнүктүрүүнү улантууда. Мажилис төрагасы пандемияга карабастан, эл өкүлдөрү парламенттер аралык диалогду эки тараптуу форматта жана эл аралык аянтчаларда колдошконун белгилеп өттү. Анын айтымында, жетинчи чакырылыштын биринчи сессиясынын жүрүшүндө депутаттардын катышуусунда 170ке жакын эл аралык иш-чаралар өткөрүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков